“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев коалицияны бузуу маселесин фракция лидерлери өз ара чечишип алууну сунуштады. Ал көпчүлүк коалиция де-юре эле болбосо де-факто жок экенин билдирди.
- Көпчүлүк коалиция бүгүнкү күндө реанимацияга түшүп калды. Коалиция де-юре бар, де-факто жок болуп калды. Коалицияны “перезагрузка” кылып, жасалма дем алдырыш керек, - деди Төрөбаев.
Бүгүн, 14-сентябрда КСДП лидери Иса Өмүркулов ырк кеткенин айтып, “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясын коалициядан чыгып кетүүнү сунуштаган. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Текебаев сунушка жооп катары коалициядан чыкпай турганын билдирген.(UEz)