Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Бабанов: саясий эркиңер болсо коалициядан чыгып кеткиле


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

“Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов комитет төрагасы үчүн чыккан талаштан коалиция тарабашы керектигин билдирди. Ал эгер Баш мыйзам боюнча пикир келишпестик болсо КСДП же “Ата-Мекен” саясий эрк көрсөтүп коалициядан чыгып кетүүнү сунуштады.

Бүгүн, 14-сентябрда КСДП лидери Иса Өмүркулов парламентте ырк кеткенин айтып, “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясын коалициядан чыгып кетүүнү сунуштаган. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Текебаев сунушка жооп катары коалициядан чыкпай турганын билдирсе, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бул маселе ич ара сүйлөшүү жолу менен чечилиши керектигин айтты.(UEz)

Бабанов: Эркиңер жетсе коалициядан чыгып кеткиле
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00

XS
SM
MD
LG