Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Саммитке карата 3 миң милиция коопсуздукту камсыздайт


Кыргызстан милициясы.
Кыргызстан милициясы.

16-сентябрга белгиленген КМШ өлкө башчыларынын саммити учурунда коомдук коопсуздукту 3 миңге жакын милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, учурда УКМК менен бирге коркунучтардын алдын алуу боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат. Өзгөчө жол коопсуздугуна көңүл бурулуп, президенттердин кербени өтчү көчөлөр убактылуу жабылат.

Уюмдун 25 жылдык мааракесине туш келген Бишкек саммити КМШ өлкө башчыларын бир жерге топтойт. Шериктештикке бул жылы Кыргызстан төрагалык кылууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG