Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 15:48

Пентагон: Иракта ИМдин химиялык курал өндүрүшү жок кылынды


Ирак (иллюстративдик сүрөт).

Маалыматка караганда, АКШнын аскерий учактары Мосул тарапта дары-дармек чыгаруучу заводду, химиялык курал өндүрүшүнө айландырылган имараттарды бомбалады. Аны менен Ирак жарандарын химиялык чабуул коркунучунан кыйла куткарды. Ирактагы АКШнын аба күчтөрүнүн башчысы генерал-лейтенант Жефри Хариган ал имараттар комплексин экстремисттер штаб-квартира катары пайдаланып, аны менен кошо химиялык курал өндүрүп келгенин, анын ичинде хлор жана иприт жасоо мүмкүнчүлүгүн 13-сентябрда билдирди.

Бириккен Улуттар уюму “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик уюм жакында эле Сирияда ууландыруучу газ колдонгонун билдирген. Харигандын айтымында, 12-сентябрда урулган сокку жакшы пландаштырылып, ага 12 учак катышты жана 50дөн ашык объект бутага алынды. (AiT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG