Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Барак Обама Дональд Трампка жооп берди


Барак Обама.
Барак Обама.

Барак Обаманы Владимир Путинге караганда “чабал лидер” деген Дональд Трампка 13-сентябрда Филадельфияда Демократиялык партиянын жыйынында президент Обама жооп берди. Дональд Трамп “өткөн жумада Орусиянын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнө барып, биздин аскерлерди төмөнгө уруп, Владимир Путинди мактоого алды”. “Сиздер Рональд Рейгандын кимдир бирөөнү ушинтип кудай тутуп алганын элестете аласыздарбы”, деп айтты Барак Обама.

“Республикалык партия Орусияга жана авторитаризмге каршы болуп, эркиндик жана жана демократия үчүн күрөшүп келген. Эми эмне болгонун ойлонуп көрүңүздөр”,- деди Обама. АКШ президенти учурда республикалык талапкер Дональд Трамп чабалыраак өлкөлөргө бастырып кирген, оппоненттерин камакка алган, прессаны көзөмөлдөп, экономикасын рецессияга тушуктурган адамды мактап жатканын сынга алды. (AiT)

XS
SM
MD
LG