Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:27

Ок атпоо келишиминен кийин Сирияга гуманитардык жардам келет


Сирия.
Сирия.

Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча өкүлү Стаффан де Мистуранын 13-сентябрдагы билдирүүсүнө караганда, 12-сентябрда кечинде ок атууну токтотуу келишими күчүнө киргенден кийин 24 сааттын ичинде кагылыш кыйла төмөндөгөнү байкалды. Ошого жараша 14-сентябрдан тарта шашылыш түрдө гуманитардык жардам жеткирүү белгиленүүдө.

Де Мистуранын айтымында, БУУнун жардамы бардык жерге жете турган болуш керек, анын ичинде курчоодо турган Алепподогу 250 миң кишиге да. Азыркы мезгилде Алепподон 40 чакырым алыстыкта түрк чек арасында гуманитардык жүк жүктөлгөн 20 автоунаа даяр турат. Алар Сирия өкмөтүнөн уруксат күтүүдө. Сирия өкмөтү Дамаск жана БУУ тарабынан макулдашылбаган Түркиядан келе турган жүк Алеппого өткөрүлбөсүн билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG