Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Исаков: Кыргыз-өзбек алакасы начарлаган жок


Сапар Исаков
Сапар Исаков

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси начарлаган жок. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы журналисттер менен болгон маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, КМШ өлкө башчыларынын Бишкек саммитине Өзбекстандын тышкы иштер министринин келиши кыргыз-өзбек мамилесине эмес, ички саясий кырдаалга байланыштуу. Исаковдун маалыматына караганда, саммит алкагында өзбек тышкы иштер министри менен Орусия президенти Владимир Путин эки тараптуу сүйлөшүү өткөрөт.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин 25 жылдык мааракелик саммити 16-сентябрда Бишкекте өтөт. Жыйынга Азербайжан. Армения, Беларус, Казакстан, Тажикстан жана Орусиянын мамлекет башчылары катышат. (UEz)

XS
SM
MD
LG