Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Индия Ооганстанга бир миллиард долларлык жардам убада кылды


Нарендра Моди (оңдо) менен Ашраф Гани
Нарендра Моди (оңдо) менен Ашраф Гани

Индия өкмөт башчысы Нарендра Моди Ооганстан президенти Ашраф Гани менен менен сүйлөшүүдөн кийин Ооганстанга бир млрд долларга экономикалык жардам көрсөтүлөрүн билдирди. Эки лидердин биргелешкен билдирүүсүндө белгиленгендей, ал жардам Ооганстандын билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, энергетика жана башка инфраструктурасына багытталмакчы. Эки лидер ошондой эле түз болбосо да Пакистанга тие тургандай кылып, террорго колдоо көрсөтүүнү айыпташты. Ооган президенти 14-сентябрда Индияга эки күндүк сапар менен келди. (AiT)

XS
SM
MD
LG