Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:51

Жол кырсыктарынын себептерин иликтөө сунушталды


Жогорку Кеңештин 14-сентябрдагы жалпы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов Бишкек-Ош автожолундагы кырсыктардын чоо-жайын иликтөө демилгесин көтөрдү. Аталган каттамда акыркы кезде адамдардын жапырт өмүрү кыйылган кандуу окуялар көп катталып жатат. Нышанов жол кырсыктарынын келип чыгуу себептерин, анын кесепеттерин изилдеп, алдын алуу аракеттерине көңүл бурууга эл өкүлдөрүн чакырды.

Аталган каттамда 13-сентябрда эки унаанын кагылышуусунан 5 адам каза болуп, 7 адам ар кандай жаракат менен ооруканада жатат. 27-августтагы жол кырсыгы тогуз адамдын, анын ичинде үч наристенин өмүрүн алган болчу.

XS
SM
MD
LG