Донецк жана Луганскидеги жикчилдердин лидерлери ок атышууну бир тараптуу токтоторун 13-сентябрда билдиришкен. Ага ылайык, тынчтык режими 15-сентябрга оогон түнү башталмак. Донецкидеги жикчилдердин лидери Александр Захарченко менен Луганскидеги жикчилдердин лидери Игорь Плотницкий Киевди да ушул кадамга барууга чакырышты. Орусия колдогон жикчилдердин лидерлери алгач ирет бир тараптуу ок атууну токтотууну сунуштады.
Аймакта 2014-жылдын апрелинен бери өкмөт менен жикчил күчтөрдүн согушунан 9500дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды.