Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Өмүрбек Текебаев саясий кырдаал боюнча маалымат берет


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев бүгүнкү маалымат жыйында азыркы саясий кырдаал тууралуу айтып берет. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти.

Кыргызстанда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракетинен улам саясий тиреш күч алды. 14-сентябрда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, "Ата Мекен", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын лидерлери жабык жыйында төрагалыкка Кыргызстан фракциясынын лидери Канат Исаевди шайлашты. Ага чейин социал-демократтардын лидери Иса Өмүркулов Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча көпчүлүк коалиция бир пикирге келе албай жатканын айтып, “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларына коалициядан чыгып кетүүнү сунуштаган. Өз кезегинде Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” коалициядан чыкпай турганын жарыялап, бийликтеги партия жетекчилеринин жогоркудай чакырыгы бөлүнүп-жарылууга алып келет деп сындаган. (NT)

XS
SM
MD
LG