Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Милдеттүү билим берүүнү 11-класска чейин узартуу сунушталууда


Окуучулар.
Окуучулар.

Кыргызстандын Билим берүү жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүү киргизип, окуучулардын милдеттүү билим алуусун 11-класска чейин узартуу керек. Мындай сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев бүгүн парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтуусунда, 9-класстан кийин мектепке баруу же барбоону окуучулар өздөрү тандагандыктан, көбү билим алуудан баш тартып бекерпоздор көбөйүп жатат.

-Бул абалдан пайдаланган экстремисттик топтор балдарды өз кучагына тартууга аракеттенишет. Террордук топторго жаштардын азгырылуусуна ушул маселе да себеп болуп жатат,- деген Жээнчороев ата-энелерден бул жаатта кайрылуулар түшкөнүн белгиледи.

Кыргызстандын Билим берүү мыйзамынын 16-беренесине ылайык, мектептерде милдеттүү билим алуу 9-класска чейин жүргүзүлөт. 10-11-класста билим алуу жагын бала өзү тандайт.

XS
SM
MD
LG