Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

Депутат Бишкектеги айрым мектеп жетекчиликтерин жазага тартууну сунуштады


Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов Бишкектеги айрым мектеп жана бала бакчалардын жетекчилигин паракорлук үчүн жазага тартууну сунуштады. Жемкорлукту жана мектептердеги мыйзамсыз акча чогултууну жок кылууну сунуштаган эл өкүлү айрым мектептердин атын да атады:

-Менин дарегиме бир жумада 3 кайрылуу түштү. Бишкектеги №61, №67-мектептердин, №35-бала бакчанын үстүнөн даттангандар бар. Мектепке киргизүү үчүн пара берүүгө көбүнүн дарамети жетпейт. Ал тургай баласына кийим алып берүүгө кыйналгандар бар,- деген Икрамов аталган билим уяларынын жетекчиликтери балдарды кабыл алуу үчүн 1500-2000 доллар пара сурап жатышканын белгиледи.

Кыргызстандын ири шаарларында мектеп жана бала бакчаларда паракорлук күчөгөнү соңку жылдары негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды.

XS
SM
MD
LG