Жогорку Кеңеш Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Түгөлбай Казаковдун талапкерлигин жактырды. Парламенттин бүгүнкү жыйынына катышкан 106 депутаттын 105и “макул” деп добуш беришти. Бирөө каршы чыкты.
Мурдагы министр Алтынбек Максүтов 27-июлда президент Алмазбек Атамбаевдин буйругунун негизинде кызматтан бошотулган. Анын милдетин аткаруучу болуп Казаков дайындалган.
Түгөлбай Казаков коомдук ишмер, композитор жана публицист катары белгилүү.