Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгeмбердиева кызматтан бошотулуп, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрук бүгүн чыкканын “Азаттык” радиосуна өкмөттөн кабарлашты.
Буга чейин аталган агенттикти Бакыт Рысбаев жетектеген.
Эгембердиева 2014-жылдын октябрынан тарта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келаткан.