Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Текебаев КТРК жетекчисин калыс болууга чакырды


Коомдук телерадиоберүү корпорациясы.
Коомдук телерадиоберүү корпорациясы.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго кайрылып, маалымат айдыңында калыс болууга чакырды. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтып, Карыпбековду бийликтин “камчысын чаап жатканы” үчүн күнөөлөдү жана мунун арты жакшылыкка алып келбестигин эскертти.

Илим Карыпбеков депутаттын анын дарегине айткан айрым сөздөрүн "эмоцияга алдыруу" деп сыпаттап, ар бир сын-пикир эске алынарын "Азаттык" радиосуна билдирди.

- Бардык тараптардын ой-пикирин чыгарганга колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Өмүрбек Текебаевдин гана эмес, башкалардын да айткан сын сөздөрүн коомдук пикир катары кабыл алып, кемчиликтерди жоюунун үстүнөн иштейбиз,- деди Карыпбеков.

XS
SM
MD
LG