Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:55

Орус хакерлери дагы 25 спортчунун маалыматын ачыкка чыгарды


Дүйнөлүк допингге каршы агенттик.

Орусиялык кибер тыңчылардын тобу дагы 25 спортчу тууралуу купуя маалыматты ачыкка чыгарганын Допингге каршы дүйнөлүк агенттик кабарлады. Бул хакерлер тобу аптанын башында да бир нече спортчунун маалыматын жарыялап жиберген.

25 атлеттин арасында АКШнын он, Германия менен Британиянын бештен, Чехия, Дания, Польша, Румыния жана Орусиянын бирден спортчулары бар. Бул спортчулардын 14ү өткөн айда Риодо өткөн Олимп оюндарында алтын медаль алышкан.

Хакерлер “Дарылануу үчүн артыкчылык” деп аталган маалымат базасын ачыкка чыгарышкан. Анда атлеттер медициналык муктаждыктан улам тыюу салынган дарыларды колдонгону айтылат.

Соңку окуя орус спортчуларынын допинг жаңжалына жооп иретинде жасалган аракет катары мүнөздөлүүдө. (KKs)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG