Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:05

Каримовага пара берди делген компания айып пул төлөйт


Түндүк Европада иш алып барган “Тела” телекоммуникация оператору 2007-жылы Өзбекстанда жетишилген келишимдери боюнча АКШ менен Нидерланддын териштирүүсүн жайгаруу үчүн 1,4 миллиард доллар төлөй турганын билдирди.

АКШ менен Швециянын прокурорлору бул компания Өзбекстанда лицензия алуу үчүн мурдагы өзбек президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага миллиондогон доллар пара берген деп шек санап келет.

- “Тела" компаниясы этикага жатпаган жана туура эмес жол менен Өзбекстанга келгенин буга чейин бир нече жолу айткам. Биз толук жоопкерчиликти алууга даярбыз,- деди компаниянын башчысы Мари Эхрлинг. (KKs)

XS
SM
MD
LG