Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Кыргызстан FIFA рейтингинде үч тепкич ылдыйлады


Кыргызстандын курама футбол командасы.
Кыргызстандын курама футбол командасы.

Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) сентябрь айындагы рейтинги боюнча Кыргызстан үч тепкич ылдыйлап, 108-орунга илинди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты маалымдады.

Кыргызстан сентябрдын башында Филиппин менен ойноп, 2:1 эсебинде утулган. Ал эми 30-августта өткөн Кыргызстан-Казакстан беттеши расмий оюндардын катарына кошулбай калган. Бул таймашта кыргыз футболчулары казакстандыктарды 2:0 эсебинде уткан болчу.

FIFA рейтингиде казактар 13 тепкич өйдөлөп, 83-орунга чыгышты. Өзбекстан - 49, Түркмөнстан - 116, Тажикстан 144–орунда.

Дүйнөнүн эң мыкты беш командасы деп Аргентина, Бельгия, Германия, Колумбия жана Бразилия табылды.

XS
SM
MD
LG