Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Референдумга каршы кыймыл парламентти таратуу демилгеси менен чыгаарын эскертти


«Референдумга – жок!» деп аталган элдик кыймыл бүгүн кайрылуу таратып, Баш мыйзамды өзгөртүү аракетинен баш тартууга жана ага каршы чыккан депутаттарды кысымга алууну токтотууга бийликти чакырды. Билдирүүдө Жогорку Кеңешти кол алдындагы органга айлантууну токтотуу, саясий маселелерди чечүүдө кылмыш чөйрөсүн тартпоо, 2020-жылдын 1-сентябрына карата Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча конституциялык кеңешме чакыруу керектиги белгиленген. Ошондой эле укук коргоо жана сот органдарына бийликтин куралы болуп калбоого чакырык ташталган. Аталган элдик кыймылдын мүчөлөрүнүн билдиришинче, эгерде бийлик референдум өткөрүү аракетин токтотпосо, парламент президентке импичмент жарыялоо жараянын башташы керек.

"Ал эми Жогорку Кеңеш андан баш тартса, биз азыркы парламенттин тарашын талап кылабыз", - деп айтылат.

Мындан тышкары бийлик коомдогу жана саясий чөйрөдөгү олуттуу каршылыктарга карабай 4-декабрда жалпы элдик добуш берүү өткөрүүнү көздөп жатканына нааразылык да жазылган.

«Референдумга – жок!» деп аталган элдик кыймыл 13-сентябрда түзүлүп, анын курамына саясатчылар, оппозициялык, улуттук патриоттук күчтөр, жарандык коом жана жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү бириккен. Алар 8-октябрда Конституцияны өзгөртүүгө каршы элдик курултай өткөрөт. (NT)

XS
SM
MD
LG