Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Орусия Допингге каршы агенттикке жардам берүүгө даярдыгын айтты


Орусия кибер кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында Допингге каршы дүйнөлүк агенттикке жардам берүүгө даярдыгын билдирди. Буга чейин аталган агенттик Москвага кайрылып, хакерлер спортчулардын маалыматын ачыкка чыгарган көрүнүштөрдү алдын алууга чакырган.

"Эгер жардам берүү тууралуу сөз болуп жатса, анда маселе жок”, - деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Бул аптада орусиялык хакерлер тобу 29 спортчу тууралуу Допингге каршы агенттиктин маалыматын жарыялап жиберген. (KKs)

XS
SM
MD
LG