Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Беларус президенти Лукашенко Бишкекке келди


Беларус президенти Александр Лукашенкону “Манас” аба майданында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Лукашенко Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин жума күнү Бишкекте өтө турган мааракелик саммитине катышат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков буга чейин билдиргендей, бул саммитке Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Тажикстан жана Орусиянын мамлекет башчылары келет.

Өзбекстанды дээрлик 27 жыл башкарган Ислам Каримов көз жумгандан кийин президенттин милдетин аткарууга киришкен Шавкат Мирзиёев саммитке келбей турганы маалым болгон. Анын ордуна Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов катышмакчы.

КМШ мындан 25 жыл мурда түзүлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG