Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Сирия оппозициясы тынчтык сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматты четке какты


Сирия.
Сирия.

Сирия оппозициясы тынчтык сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтү аныкталды деген маалыматты четке какты. Сүйлөшүүлөр боюнча жогорку комитеттин мүчөсү Жорж Сабра Сириядагы абалды тынчтык жол менен жөнгө салууга үмүт аз экенин, Башар Асаддын режими 12-сентябрда күчүнө кирген жарашуу жараянын бузуп жатканын билдирди.

Буга чейин Орусия БУУнун ортомчулугу алдындагы Сирия сүйлөшүүсү сентябрдын аягында болорун кабарлаган. Сириядагы жаатташкан тараптар элдешүү тартиптери аткарылбай жатат деп бири-бирин айыптоодо. Орусия Коргоо министрлиги бейшембиде АКШ колдогон сириялык оппозиция калк жашаган чөлкөмдөрдү аткылоону күчөтүп жатканын айткан.14-сентябрда орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жана АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Сириядагы элдешүүнү дагы 48 саатка узартууну макулдашкан эле.

XS
SM
MD
LG