Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Штайнмайер: Украинада тынчтык режими сакталууда


Германиянын тышкы иштер министри Франк Штайнмайер Украинада.
Германиянын тышкы иштер министри Франк Штайнмайер Украинада.

Германия тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Украинанын чыгышында ок атышпоо режими сакталып жатканын ЕККУнун байкоочуларынын маалыматына таянуу менен билдирди. Ал кечээ Украинанын чыгышындагы өкмөт көзөмөлдөгөн Краматорск шаарында сапарда болду.

Украина коргоо министрлигинин өкүлү Александр Мотузанюк соңку убакта жикчилдер алты жолу тынчтык келишимин бузганын маалымдады. Жикчилдердин өкүлдөрү болсо өз кошуундары ок атууга дуушар болгонун айтууда. 14-сентябрда Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдердин лидерлери ок атышууну бир тараптуу токтотконун жарыялашкан.

2014-жылдын апрелинен бери Украинадагы жаңжал учурунда 9600дөн ашуун адам курман болду.

XS
SM
MD
LG