Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Чет элдик аскерлер кыргыз маданияты менен таанышты


Кыргыздардын улуттук оюнчуктарын кармаган кытайлык жоокерлер. 15-сентябрь, 2016-жыл.
Кыргыздардын улуттук оюнчуктарын кармаган кытайлык жоокерлер. 15-сентябрь, 2016-жыл.

Балыкчы шаарында 15-сентябрда башталган эл аралык “Тынчтык миссиясы-2016” машыгууларына келген чет элдик аскерлерге кыргыздардын маданиятын даңазалаган концерт уюштурулду. Андан тышкары, улуттук каада-салт менен дасторкон жайылып, буюмдар көрсөтүлдү. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 21-сентябрга чейин уланчу машыгуулар учурунда ага катышып жаткан бардык мамлекеттердин Маданият күндөрү уюштурулат.

Шанхай кызматташтык уюму Балыкчыда өткөрүп жаткан террорго каршы эл аралык машыгууга Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Орусия жана Тажикстандан 2000дей аскер адамдары жана 300 аскердик техникалар катышууда.

XS
SM
MD
LG