Оштун Кара-Суу районундагы Мамажан айылында чөөлөр көбөйүп, адамдарга тиш салууда. Жырткычтар мүрзөдөгү сөөктөрдү казып жеп, үй жаныбарларына асылганы тууралуу айыл башчы Жаныбек Бакиев билдирди. Жергиликтүү бийлик аңчылар бирикмелерине жана башка органдарга бир нече билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн. Бирок азырынча мергендер келе элек.
Жашоочулар чөөлөр менен өз алдынча күрөштү баштап, бир канча жерге тузак, капкан коюшту.
Мыйзам боюнча Кыргызстанда бир чөөнү жок кылууга 2000 сом ыйгарылат. (SE\ErN)