Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:05

Бишкекке Лукашенконун келишине каршы акция өттү


Беларус президенти Александр Лукашенко.
Беларус президенти Александр Лукашенко.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкекке Беларус президенти Александр Лукашенконун келишине нааразы болуп, пикет өткөрдү. Акция бүгүн Беларус элчигинин жанында уюштурулду. Активист кутуга чочконун мурдун салып, ал Бакиевге арналганын жазып турду.

-Лукашенконун Кыргызстанга келүүгө моралдык акысы жок. Биздин бийлик аны кабыл албашы керек эле. Лукашенко Минск конвенциясына өзү кол коюп, бирок өзү башка мамлекеттин ички ишине кийлигишип, мурунку президент Курманбек Бакиевди коргоп жүргөнү туура эмес,- дейт Токтонасыров.

Беларус мамлекет башчысы 16-17-сентябрда Бишкекте өтө турган КМШ өлкө башчыларынын саммитине катышуу үчүн бейшембиде Кыргызстанга келген.

Өндүруш Токтонасыров 2010-жылы мамлекеттен качып, Беларустан башпаанек тапкан Курманбек Бакиевди өткөрүп берүү талабы менен такай нааразылык акцияларын уюштуруп келатат.

XS
SM
MD
LG