Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкө башчыларынын саммитине катышуу үчүн Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн Бишкекке келди. Коңшу мамлекеттин башчысын “Манас” эл аралык аэропортунан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Буга чейин Беларус жана Азербайжан мамлекет башчылары келишкен.
Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Азербайжан жана Беларус президенттери, Молдованын өкмөт башчысы, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Түркмөнстандан премьер-министрдин жардамчысы, Украинадан элчи катышат.
1991-жылы түзүлгөн КМШга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып жатат.
16-17-сентябрга белгиленген Бишкек саммити уюмдун 25 жылдык мааракесине туш келүүдө. Анда негизинен экономикалык жана маданий кызматташтыктан тышкары, терроризмге каршы күрөш маселеси талкууланары кабарланган.