Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Евробиримдиктин лидерлери Братиславада чогулат


Саммит Словакиянын баш калаасы Братиславада өтөт.
Саммит Словакиянын баш калаасы Братиславада өтөт.

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери 16-сентябрда Словакиянын баш калаасы Братиславага чогулуп, кризистен жапа чеккен блоктун келечегин талкуулашат. Британия шаркеттен чыгып кетүү чечиминен кийинки биринчи саммитке 27 мамлекеттин лидерлери келет.

Жыйында эмдиги жылдын март айында өтө турган саммитте кабыл алына турган биримдиктин мындан аркы "жол картасы" талкууланат. Бул дата Рим блогунун негизделиши боюнча келишимдин 60 жылдыгына тушташ келет.

Шаркеттин лидерлери өткөн жылы күч алган миграция кризисинен, террорчул актылардан жана ага удаа эле Британиянын биримдиктен чыгуу чечиминен кийин өзүнө келе албай жаткан учуру.

Саммитте лидерлер ошондой эле коргонуу тармагындагы тыгыз кызматташууну, биримдиктин тышкы чек араларынын коопсуздугун бекемдөөнү, Евробиримдиктин инвестициялык фондунун потенциалын жогорулатып, жумушчу орундардын көбөйүшүн камсыздоону талкуулоону көздөшүүдө.

Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск саммитти утурлай жасаган билдирүүсүндө лидерлер “азыркы кырдаалга так жана оор басырыктуу баа берүүлөрү керектигин” айтты.

XS
SM
MD
LG