Анда чыгарманын сюжети сүрөт жана текст менен жеңил баяндалат. Бул тууралуу манасчы Рыспай Исаков кабарлады.
Манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдин варианттарынын негизинде Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев эпостун кыска вариантын жазып, китепке даярдаган. Сүрөттөрүн Замир Илипов тарткан.
Орус тилдүү окурмандарды тартуу максатында китеп орусча жарык көрдү. Жакында башка тилдерде да чыгаруу пландалууда. Долбоорду "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду колдоого алган. (ZA)