Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Трамп Обама АКШ аймагында төрөлгөнүнө ишенет


АКШ президенттигине Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп
АКШ президенттигине Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп

Дональд Трамп АКШ президенти Барак Обаманын төрөлгөн жери боюнча өз карашын өзгөртүп, эми ал АКШнын аймагында төрөлгөн деп эсептейт. Бул тууралуу 15-сентябрдын кечинде Кошмо Штаттардын президенттигине Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамптын шайлоо кампаниясынын маалымат катчысы Жейсон Миллер билдирди.

Бул билдирүү Трамптын Washington Post гезитине курган маегинен кийин бир нече саат өтпөй жасалды. Өз маегинде президентикке талапкер Обаманын Кошмо Штаттардын аймагында төрөлгөнүнөн күмөн санарын билдирген.

Трамп “Обаманын төрөлгөн жери боюнча” бир нече жыл мурда түзүлгөн кыймылдын лидерлинин бири болуп келген. Бул кыймылдын тарапкерлери Обама расмий жазылгандай Гавайи аралдарында төрөлгөн эмес деген ишенимди карманып келишет. Мындан улам алар Кошмо Штаттарда төрөлбөгөн жаран мамлекет башчы болууга акысы жок деп эсептешет.

АКШ президенттигине Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон Трамптын бул сөздөрүнөн кийин өзүнүн Твиттерине “Обаманын мураскери туулган жер боюнча расисттик теорияны карманган талапкер боло албайт” деп жазды.

XS
SM
MD
LG