17-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы жамгыр, бийик тоолорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 9 метрге чейин жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +26...+31,
Талас жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +24...+29,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32,
Баткен облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +27...+32,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24
Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +22...+27 градус болот.
Бишкек шаарында асманды булут каптайт, жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн +15...+17, күндүз +28...+30 градус жогорулайт.