Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева өлкө парламентинин жогорку палатасы -- Сенаттагы Эл аралык мамиле, коргоо жана коопсуздук боюнча туруктуу комитеттин төрагалыгына дайындалды. Бул тууралуу жума күнү парламенттин пленардык жыйынында жарыяланганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Депутаттар Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев сунуштаган Назарбаеванын талапкерлигин бир добуштан колдошкондугу кабарланууда.
Үч күн мурда Дарига Назарбаева вице-премьерликтен Сенаттын депутаттыгына дайындалганы жарыяланган.
Ошондой эле бул жыйында сенаторлор бир добуштан вице-спикерликке көрсөтүлгөн Бектас Бекназаровдун талапкерлигин колдошту. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.
Дарига Назарбаева 2015-жылдын сентябрынан бери вице-премьер-министрлик кызматта болчу. Ага чейин казак парламенти - Мажилистин төрага орун басары кызматын аркалаган.