Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

Пакистан: мечиттеги жардыруу 19 кишинин өмүрүн алды


Жардыруудан 19 адам мерт кетти
Жардыруудан 19 адам мерт кетти

Пакистандын ар кандай уруулар байырлаган аймагындагы мечитте болгон жардыруудан кеминде 19 адам мерт кетти.

Теракт Ооганстан менен чектеш Мохманд районундагы мечитте жума намаз маалында уюштурулган. Ушул эле күнү Пай Кхан кыштагына жасалган экстремисттердин чабуулунан 24 киши жарадар болгону кабарланды. Жабыркагандар коңшу Бажаур чөлкөмүндөгү ооруканага жеткирилгени маалымдалды.

Азырынча чабуулдар үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз моюнуна ала элек. Буга чейин аймактагы теракт үчүн жоопкерчиликти "Техрик-и-Талибан" тобу өз моюнуна алып келген.

2014-жылы дал ушул уруулар байырлаган аймакта Пакистан армиясы "Техрик-и-Талибан" тобунун согушкерлерине каршы ири операция жүргүзгөн.

XS
SM
MD
LG