Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

КМШга 2017-жылы Орусия төрагалык кылуусуна Украина каршы


Бул тууралуу саммиттин кеңейтилген жыйынында ага өкүл катары катышып жаткан Украина элчиси Николай Дорошенко билдирди. Элчи каршылыгын Орусия Крымды аннексиялап алганы менен байланыштырды. Орусия президенти Владимир Путин Крым элдин эрки менен өткөнүн билдирди. Ошондой эле Путин КМШ уюмун түзүүгө катышпаган өлкө катары Украина уюмга төрагалык кылууга каршылыгын билдире албай турганын айтты.

КМШга төрагалык кылуу 2017-жылы Орусияга берилгенин азыркы төрага, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жыйындын башында маалымдады. Ага ылайык, 2017-жылдын 1-январынан тартып, КМШга Кремль жетекчилик кылат, ал эми уюмдун келерки жыйыны 2017-жылдын 11-октябрында Москвада болот. Ал эми Кыргызстандын төрагалыгы алдында быйыл октябрь айында КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт.

Саммиттин кеңейтилген жыйыны Өзбекстандын мурдагы президенти, 2-сентябрда дүйнөдөн кайткан Ислам Каримовду эскерүү менен башталды.

Андан кийин сөз алган КМШнын төрагасы, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев саммиттин катышуучуларына ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун өткөрүүдө эч кандай саясат болбогонун белгиледи. (UEz/ZKo)

XS
SM
MD
LG