Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Путин Атамбаевди Александр Невский ордени менен сыйлады


Александр Невский орденин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге Орусиянын лидери Владимир Путин Бишкектеги жолугушууда тапшырды. Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктап, Атамбаев эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Александр Невский ордени менен сыйланганын билдирди.

Алмазбек Атамбаев орден үчүн ыраазычылыгын билдирип, Александр Невскийди баалай турганын айтты. Атамбаев президенттик мөөнөтүндөгү негизги жетишкендиктердин бири - Орусия менен мамиле калыбына келтирилгени болгонун билдирип, Орусияны өнөктөш жана бир тууган катары көрөрүн айтты.

Александр Невский ордени Орусия империясынын тушунда негизделип, аны менен аскер жана жарандык адамдар сыйланган. 1917-жылы башка падышалык ордендер менен катар жоюлган. 1942-жылы СССРдин Жогорку Кеңеши тарабынан жаңыдан негизделип, бекитилген. Аталган орден менен Кызыл Армиянын согушта каармандык көрсөттү делген командирлери сыйланган. (BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG