Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Балбан Айпери Медет кызы дүйнө чемпиондугунда күмүш медал тагынды


Ушул күндөрү Грузиянын Тбилиси шаарында уландар жана кыздар (кадеттер) арасында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык эркин күрөшчү Айпери Медет кызы күмүш медал тагынды. Бул тууралуу Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтында жазылган.

Маалыматка караганда 70 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Медет кызы төрт беттеш өткөрдү. Алгачкы беттешинде 1/8 финалда украиналык Мария Курейяны 10:0 эсебинде утту. Чейрек финалда литвалык Камилла Гаукайте менен таймашып далысын килемге таза тийгизип жеңип алды. Жарым финалда швециялык Денис Сабина Макота Строемди 10:2 эсебинде утуп алды. Финалда Айпери Медет кызы жапониялык Ясуха Матсуюкиге 2:7 эсебинде утулуп күмүш байгеге ээ болду.

Буга чейин кыргызстандыктар Назира Марсбек кызы (52 кг.) менен Мээрим Жуманазарова (65 кг.) салмакта дүйнө чемпиондугунун коло байгесин алышкан.

Кыздар арасында эркин күрөш боюнча 10 салмакта байгелер ойнотулса, анын тогуз салмактагы таймашына жапониялык балбан кыздар чыгып, сегиз алтын медалды жеңип алышты.

Спорттук күрөш боюнча уландар жана кыздар (кадеттер) арасындагы дүйнө чемпиондугу 18-сентябрда аяктайт.

Учурда эркектер арасында эркин күрөш боюнча таймаштар өтүп жатат. Мелдештин алгачкы эки күнүндө болгон грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда Акжол Махмудов (69 кг.) дүйнө чемпиону аталса, Жоламан Шаршенбеков (54 кг.) менен Эрбол Бакиров (58 кг.) 3-орунду ээлешкен. (ECh)

XS
SM
MD
LG