Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Орусиянын Киевдеги элчиси нааразылык нотасын жолдоду


Орусиянын Киевдеги элчилигинин имараты
Орусиянын Киевдеги элчилигинин имараты

Элчиликтин имаратына 17-сентябрдын түнүндөгү кол салуудан кийин Орусиянын Киевдеги элчилиги Украинанын Тышкы иштер министрлигине нота жолдоп, кол салууну иликтөөнү жана орусиялык дипмиссиянын коопсуздугун камсыздоону талап кылганын "Интерфакс-Украина" маалымдады. Ал эми РИА "Новости" Орусия Тышкы иштер министрлигиндеги өз булактарына таянып, орус элчилигине кол салуу Москва тарабынан да иликтөөгө алынганын жазды.

“Азаттыктын” Киевдеги кабарчысы маалымдагандай, шаардын Воздухофлот көчөсүндөгү орус элчилигине белгисиз адамдар 17-сентябрга караган түнү кол салышкан. Кол салууда эч ким жаракат алган эмес, бирок элчилик жайгашкан имаратка зыян келтирилген. Учурда Киев полициясы бул ишти иликтеп жатат.

Reuters кол салуу учурун видеотасмага тартып алган. Анда беттери чүмбөттөлгөн жыйырма чакты демонстрант Орусия элчилигинин имаратын салют атылчу ракетница менен аткылашканы тартылган.

Кол салууга чейин эле Орусия элчилигинин коопсуздугу күчөтүлүп, элчиликтин айланасына кошумча тосмолор орнотулуп, терезелерге болоттон жасалган пардалар тартылганы маалымдалууда.

Орусиянын элчилиги украин бийлигинин каршылыгына карабай 18-сентябрда элчиликте добуш берүү участогун ачууну көздөшүүдө. Эртең Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо өтөт. Буга чейин расмий Киев Орусия тарабынан аннексияланган Крымдагы референдумдан улам өз аймагындагы Орусиянын дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө добуш берүү участокторун ачууга жол берилбей турганын маалымдаган эле.

XS
SM
MD
LG