Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо өтүп жатат


Орусиядагы шайлоо
Орусиядагы шайлоо

Алгачкылардан болуп Камчаткадагы шайлоо участоктору ачылды. Шайлоо Орусиянын эң батышындагы Калининград облусунда добуш берүү аяктаганда бүтөт.

450 депутаттык орундуу Мамлекеттик Думага 14 саясий партия ат салышууда. Мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бул жолу депутаттардын жарымы гана партиялык тизме менен шайланса, калган 225 орунга талапкерлер бир мандаттуу округдардан шайланат.

Добуш берүү башталганына көп өтпөй, мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар чыга баштады.

"Яблоко" партиясынын талапкери Владимир Рыжков Фейсбуктагы баракчасына Барнаулда студенттерге акча төлөп, бир нече шайлоо участокторунда бийликтин “Бирдиктүү Орусия” партиясы үчүн добуш бердирген факты катталганын жазды. “Добуш” кыймылынын Алтайдагы өкүлү Станислав Андрейчук Фейсбуктагы баракчасына “айланып добуш берүүнүн” катышуучулары үчүн көрсөтмө тартылган тасманы чыгарды. Якутияда шайлоочулардын тизмеси бекитилбегени аныкталганын “Якутск блокноту” порталы жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG