Окуя Миннесота штатында ишемби күнү кечинде болгон. Кол салган киши исламчыл чакырыктарды кыйкырганы айтылууда. Аны полициялар өлтүрүштү деп маалымдайт CBS телеканалы. Сент-Клауд шаарынын башчысы окуяны терракт деп атоодон баш тартты.
Ишембиде кечинде Нью-Йоркто таштанды челекке салынган бомбадан 29 киши жаракат алган.