Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Германиядагы качкындардын жарымы кайтып кетет


Европага келген качкын аялдар
Европага келген качкын аялдар

Бул тууралуу Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү маселелери боюнча министри Герд Мюллер билдирди. Welt am Sonntag деп аталган немис гезити жекшембиде жазганына караганда, министр Югославиядан келген качкындардын жарымы бир нече жылдын ичинде кайтып кеткенин эске салып, Сириядан келген качкындардын да көпчүлүгү кайтып кетет деп айтты.

Германия качкындарды мекенине кайтаруу үчүн 25 млн евро бөлгөн. Ага ылайык, ФРГдан башпаанек ала албаган качкындар туулган жерине кетээрден мурун слесарь, электрик жана башка кесиптерге окутулат.

Өткөн жылы Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан келген миллиондон ашуун качкын Германиядан башпаанек сураган. Үстүбүздөгү жылы июлдагы жардыруудан соң, германиялыктар немис өкмөтүнүн “мигранттар үчүн ачык саясатын” сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG