Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Киевдеги жана Одессадагы Орусиянын дипөкүлчүлүктөрүнүн алдында башаламандык болду


Киевдеги орус элчилигин 300 чамалуу полициячы кайтарып турат.
Киевдеги орус элчилигин 300 чамалуу полициячы кайтарып турат.

Орусиянын Киевдеги элчилигинин алдына бир нече киши келип, имаратка кирүүчү эшикти тосууга жана элчиликтин тосмосун бузууга аракет кылышкан. Алардын максаты добуш берүү үчүн келгендерди ичкери киргизбөө болгон. Элчиликти 300 чамалуу полициячы кайтарып турат. Башаламандык кылгандардын бирөө кармалганы кабарланууда.

Түшкө чейин Киевдеги шайлоо участогунан 20 чакты киши добуш берди.

Ал эми Одессадагы орус консулдугунун алдында “Оңчул сектор” кыймылынын мүчөлөрү полиция менен кагылышып, бир нече киши кармалган.

18-сентябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасына шайлоо жүрүүдө. Ага 14 саясий партия катышууда.

Орусия тарабынан аннексияланган Крымда миңден ашуун шайлоо участогу ачылган. Крым татарларынын лидери Рефат Чубаров элди шайлоого бойкот жарыялоого чакырды. Ал эми АКШнын мамлекеттик департаменти Крымдагы шайлоолорду тааныбасын жарыялады.

XS
SM
MD
LG