Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:15

Орусиядагы шайлоо мыйзам бузуулар менен өтүп жатканы кабарланууда


“Добуш” кыймылынын мүчөлөрү кабарлашкандай, Мамлекеттик Думага шайлоо учурундагы одоно мыйзам бузуулар боюнча даттануулар 300дөн ашты. Алардын көпчүлүгү шайлоочулардын, участкалык шайлоо комиссияларынын жана журналисттердин укуктары бузулганы тууралуу арыз-даттануулар.

Мындан тышкары жарандар шайлоочуларды массалык түрдө ташуу, добуш берүү жараянындагы мыйзам бузуулар тууралуу маалымдап жатышат. Укук коргоочулардын белгилөөсү боюнча, дооматтардын көпчүлүгү Москва шаарынан жана Ставрополь, Алтай крайларынан түшүүдө. Москвада ӨКМдин курсанттарын ташыган автобус бир нече шайлоо участокторун кыдырганга жетишкени айтылууда.

Орусия БШКсынын төрайымы Элла Памфилова болсо массалык түрдө айланма добуш берүү фактыларын жокко чыгарып, андай маалыматтарды тараткандарга карата “жалган жалаа жапканы үчүн” чара көрөрүн эскертти.

18-сентябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасына шайлоо өтүүдө. Ага 14 саясий партия катышууда.

XS
SM
MD
LG