Борбордук Шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, ушул тапта бюллетендердин 6,76 пайызы эсептелди. Алдыда 44,15 % добуш топтоо менен “Бирдиктүү Орусия” партиясы алдыда баратат.
БШК төрайымы Элла Памфилова бул “чыгыш тараптын эле жыйынтыктары” экенин маалымдады.
"Батыш менен Чыгыштын жыйынтыктары ар кандай болуп калышы мүмкүн. Азыркы маалыматтар боюнча жыйынтык чыгаруу кыйын. Кандай болгон күндө да силер түз ободон баарын байкап турсаңар болот”, - деди Памфилова.
“Коомдук пикир” фонду сурамжылоонун жыйынтыктарын чыгарды. Ага ылайык “Бирдиктүү Орусия”-48, 7%, Коммунистик партия-14,9% , ал эми “Адилеттүү Орусия” -7, 6 % добуш менен парламентке өтүштү.
Коммунистик партия шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча түшкөн 1000дей арызды БШКага өткөрүп бергенин маалымдады.
Мурдараак добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу “Парнас” жана “Яблоко” партиялары маалымдашкан. Орусиянын Мамлекеттик Думасына 450 депутаттык орун үчүн 14 саясий партия ат салышты.
Мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бул жолу депутаттардын жарымы партиялык тизме менен шайланса, калган 225 орунга талапкерлер бир мандаттуу округдардан шайланат