Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Балыкчы-Корумду жолунун курулуш иши кайрадан уланууда


Балыкчы-Корумду автожолу.
Балыкчы-Корумду автожолу.

Бул тууралуу Балыкчы-Корумду жол курулушунун башкы инженеринин жардамчысы Эркинбек Бейшенбиев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, салынып жаткан жол көчмөндөр оюнуна карата токтотулуп, "Тамчы" аэророртунан Сары-Ой айылына чейин 23 чакырым жолго бир катмар асфальт төшөлгөн.

Учурда Сары-Ой айылынан баштап эски асфальттар сыйрылып, иш кайрадан башталды. Бул ирет Сары-Ой айылынан Чолпон-Ата шаарынын кире беришине чейинки 20 чакырым жол оңдолот. Андан тышкары "Тамчы" аэропортунан Балыкчы шаарына чейинки 45 чакырым оңдолуп, андан соң 2-катмар асфальт төшөлмөкчү,- дейт Эркинбек Бейшенбиев.

Балыкчы-Корумду жолунун курулуш иштери 10-сентябрдан тарта жанданган.(AsM)

XS
SM
MD
LG