Коомдук ишмер, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын аппаратын бир аз убакыт жетектеген Эдил Байсалов бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча билдирүү жасайт. Ошондой эле Байсалов Fergananews.com агенттигине өзү тууралуу чыккан маалыматтар боюнча пикирин билдирет.
Fergananews.com агенттиги кечээ өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, УКМКнын кызматкерлери Кыргызстандын түштүгүндө өзбек коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуп жүргөнүн жазган. Агенттик атайын кызматкерлердин түштүк сапары июнь окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен өзбек активисттеринин туугандарын Роза Отунбаевага жана Эдил Байсаловго каршы көрсөтмө берүүгө үндөө максатында болду деп маалымдаган.
Fergananews.com ошондой эле коопсуздук кызматынын агенттери Өзбекстанга чейин барышып, июнь окуясы үчүн айыпталып, соттолгон Карамат Абдуллаева, Иномжан Абдирасулов, Жалалиддин Салахутдинов жана башкалар менен жолугушканын, аларга Роза Отунбаева менен Эдил Байсаловго каршы видеокайрылуу менен чыгуу сунушу берилгенин жазган.
УКМК азырынча бул маалымат тууралуу эч кандай комментарий бере элек.
Өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качуусу иликтениши керектигин айтып, Башкы прокуратурага бул ишке Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн катыштыгы бар-жогун аныктап чыгуу үчүн мекемелер аралык топ түзүүнү тапшырган. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Кадыржан Батыровдун качышын иликтөөдө Алмазбек Атамбаев биринчилерден болуп көрсөтмө бериши зарылдыгын белгилешүүдө. (ZKo)