Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Байланыш операторлору коммерциялык сырдын ачылып калышынан кооптонууда


"Интернет саясаты боюнча жарандык демилгелер" коомдук фонду коммерциялык сыр деген маалымат ачыкка чыгып кетерине кооптонуусун билдирүүдө. Аталган фонд тараткан маалыматта Казакстан тарифти 2-3 эсе көтөрүп салгандыктан, атамекендик провайдерлер арасында дүрбөлөң башталганы жана чоң коомдук талкуу жаратып жатканы белгиленген.

Өкмөттүн бул абалды жөнгө салуу тапшырмасынан кийин Монополияны жөнгө салуу агенттиги кыргызстандык байланыш операторлорунан эл аралык туташтыруунун баасы тууралуу гана эмес, коммерциялык сыр деген Кыргызстандагы операторлордун ички каналдары тууралуу да маалымат алганы нааразылык жараткан. Фонддун билдиришинче, бул маалыматты берүүдөн баш тарткан компанияларга эскертүү берилген. Монополияны жөнгө салуу агенттиги коммерциялык сырды сактоого кепилдик берген эмес. Аталган мекеме болсо бул билдирүүгө комментарий бере элек.

Сентябрдын башында Кыргызстандагы Байланыш операторлору ассоциациясы казакстандык провайдерлер тарифти 2-3 эсе кымбаттатканын жарыялаган. Кыргызстанга негизги интернет түйүндөрү Казакстан аркылуу гана келет. (NT)

XS
SM
MD
LG