Коомдук ишмер Эдил Байсалов бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев атайын кызматка өзүн камоо тууралуу буйрук берген деген оюн билдирди. Ал муну бийликти колдон чыгарбоого умтулуу аракети катары сыпаттап, күч органдары алгач өзүн камакка алып, андан соң Отунбаева менен Текебаевге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылышы ыктымалдыгын кошумчалады.
Байсалов Fergananews.com агенттиги жазып чыккан маалымат боюнча парламенттик комиссия түзүлсүн деген талап койду. Ошондой эле иликтөө учурунда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев отставкага кетиши керектигин белгиледи.
Эдил Байсалов 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын аппаратын бир айдай жетектеген.
Fergananews.com агенттиги 18-сентябрда өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, УКМКнын кызматкерлери Кыргызстандын түштүгүндө өзбек коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуп жүргөнүн, июнь окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен өзбек активисттеринин туугандарын Роза Отунбаевага жана Эдил Байсаловго каршы көрсөтмө берүүгө көндүрүп жатканын жазып чыккан.
Мындан тышкары коопсуздук кызматынын агенттери Өзбекстанга чейин барышып, июнь окуясы үчүн айыпталып, соттолгон Карамат Абдуллаева, Иномжан Абдирасулов, Жалалиддин Салахутдинов жана башкалар менен жолугушканын, аларга Роза Отунбаева менен Эдил Байсаловго каршы видеокайрылуу менен чыгуу сунушу берилгенин кабарлаган.
УКМК азырынча бул маалымат тууралуу эч кандай комментарий бере элек.
Өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качуусу иликтениши керектигин айтып, Башкы прокуратурага бул ишке Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн катыштыгы бар-жогун аныктап чыгуу үчүн мекемелер аралык топ түзүүнү тапшырган. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Кадыржан Батыровдун качышын иликтөөдө Алмазбек Атамбаев биринчилерден болуп көрсөтмө бериши керектигин билдиришүүдө. (NT/EBM)