Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

Атамбаев БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушат


БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун.
БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун.

Президент Алмазбек Атамбаевдин АКШнын Нью-Йорк шаарындагы сапары учурунда БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун, Ачык коом институтунун негиздөөчүсү, филантроп Жорж Сорос жана ПРООНдун администратору Хелен Кларк менен эки тараптуу жолугушуусу белгиленген. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн кабарлашты. Маалыматка караганда, Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынындагы жалпы жарыш сөз маалында сөз сүйлөйт. Президент Башкы ассамблеянын 71-саммитине катышуу үчүн АКШга жумушчу сапар менен бүгүн учуп кетти.

Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясы 13-сентябрда расмий ачылган. Күн тартибине ылайык, жарыш сөздөр 20-сентябрда башталат. 26-сентябрда аяктай турган жыйында туруктуу өнүгүү жолдору жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелери талкууланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG