Баткенде жарандык агартуу академиясы уюму уюштурган окууга өлкөнүн жети дубанынан 30 адам катышууда. Алар ар кайсы тармакта иштеген активдүү жаштардан куралып, аймактагы тарыхый жерлер, элдин жашоо-турмушу менен таанышып чыгышты. Иш-чарада жердешчилик, уруучулукка бөлүнбөй, бир-бири менен карым-катнаш түзүү тууралуу да сөз козголду. Аны менен катар социалдык көйгөйлөрдү чечүү багытындагы окуулар болду. (JsA)